кызымтал

китептерде 14 жолу, 4 китепте
  1. Чала мас, кызуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аа-аалашып талаада, / Он сегиз менен отуз беш, / Ортосунда азамат, / Улак тартып күжүлдөп, / Кымыз ичкен кызымтал, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кымыздан тарткан аракты, / Жаштары ичип ар качан, / Кызымтал болуп баары жаш, / Кыйалда санаа калбаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…игишти жолгошуп, / Жеткен жерде салышып, / Кез керип найза сайышып, / Өтө мыкты шамдагай, / Өткүр тууган Саламат, / Кылча жанын айабай, / Өлөмүн деп санабай, / Кызымталдуу бир жанды, / Кылга байлап таштады, / Эр Саламат, Кесилет, / Кыйын уруш баштады, / Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, / Токтоо кылып туралбай, / Алтымыш эрге кошулуп, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…расына алышты: / Жыйын куруу шылтоосу, / Чогула келип калышты, / Эл баштыгы алтымыш, / Эр Көкчөнүн залдары, / Арактан берип Көкчөгө, / Мас кылып аны салышты, / Кызымтал болгон кездерде, / Бир ооз болуп баарысы, / Көкчө менен сырдашып, / Таамай ыгын табышты: / — Агеркеч менен Алмамбет, / Алышкан жар – деп айтышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ына бир кесе, / Сыр айактан тийгизип: / Чактабай кымыз ичирип, / Чарадай айак сунушуп, / Каргыт дешип урушуп, / Баланча кыйын ичти, деп, / Байандаша турушуп: / Кызымтал болуп дуулашып, / Күлкүгө күлкү улашып, / Олтурган орчун бийлери, / Сүйлөп жатса билгенин, / Түрүлүү эшик маңдайдан, - / Накылайдын үйүнөн, / Чыгып калды арыст… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →