кызылдай

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Абдан, аябай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…чуратып, / Чаңды асманга созултуп, / Манас деген үн чыгып, / Кадимки Чубак үндөнүп, / Азиз хандын Алмамбет, / Так ошондой сүрдөнүп, / Алдындагы Май тору, / Тел кызылдай зыркырап, / Көзүнөн жалын шыркырап, / Ойрон Сыргак жолборстой, / Найзасынан үн чыгат, / Учкан куштай дыркырап, / Жебеден мурун жеткени, / Бактыбайдын артынан, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
– / Жакып бай муну айтканда, / Тура калып Абдылда, / Кармап тартып бир алек, / “Арстанын көрсө бир белек, / Көңүлү тынчып жай алат, / Кудалыгы ырас деп” / Атына минип Абдылда, / Жөнөп кетти Манаска, / Азыркысын жаш Манас, / Алтымыш уруу алашка, / Арка болор баш Манас, / Каныкей эске түшкөндө, / Кызылдай анда мас Манас. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…лаа бастым, — деп, / Манжудан келген кулуңдан, / Күнөөсүз өлө жаздым, — деп, / Кырааным сени унутуп, / Кыйын балаа бастым, — деп, / Кытайдан келген кулуңдан, / Кызылдай өлө жаздым, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күркүрөп Кыйаз турганда, / Эп келтирип ат таппай, / Эл көңүлү жай таппай: / — Тойго эмне келдик деп, / Этти кайдан жедик деп, / Ойдогу атын таппасак, / Кыйаздан кордук көрдук, деп, / Кызылдай өлдүк эми! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Аны балбан билип калып, үчөөнү тең кызылдай сабай турган болгондо, качып кетишет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →