кызыл-тазыл
- Кызыл аралаш ар түрдүү түс.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайсы экени билинбейт, / Андан бери караса, / Кызыл-тазыл жүк жатат, / Көрүнгөн жылга, сай-сайда, / Катын-бала эрбеңдеп, / Басып жүрөт ар кайда, / Казактын эли мында, деп, / Эндекей жаткан бул элге, / Кайдан келген ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…гынып, / Катыны сөйкө салынып, / Боз улан кемер куранып, / Кыздары үкү сайынып, / Өрүшкө батпай котолоп, / Төрт түлүк малы жайылып, / Көчкөндө жүктүн үстүнө, / Кызыл-тазыл жабылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…/ Качыргандан кан чыккан, / Кармагандан жан чыккан, / Кара кулак шер келет, - / Каныкей айкын биле албай, / Кайрадан жооп ала албай, / Кылчайып артын караса, / Кызыл-тазыл боо таккан, / Кыдырата үй тиккен, / Кырк чоронун айлы экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кызыл-тазыл куш баш ээр, / Кыздын аты көрүнөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кызыл-тазыл гүл ачып, / Чыгып келет, чөп жайнап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →