кызык1
- Көңүлдү өзүнө тарткыдай, көңүлдү өзүнө тарткан, көңүл көтөрө турган.
- Сонун.
- Кызуу.
- Тамаша, көңүл көтөргөн тамаша.
- Кызыкчылык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каракөз кастык кылбаса, / Акимсинген кыргызга, / Чийбейт белек сызыкты, / Кылбайт белек кызыкты, / Жашырбай чынын айтканда, / Кабар айтып уруштан, / Каракөз салды бузукту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ен көл алып, / Жүрөгү күйүп жалындап, / Кыз торгойдун нуру алып, / Кайратка толду жаш баатыр, / Айлана курчап кол түштү, / Каңгайдан келген беш баатыр, / Күндө кызык урушу, / Бүтпөй күндө күч алып, / Арбып барат жумушу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Өзүнчө сүйлөп күдүрөп, / Кейпи суук калмактын, / Сел аккан суудай күжүлдөп, / Кабагын ачып ирмесе, / Асманда булут бүркөлөт, / Намыстанып Чойун алп, / Камчы басып сур атка, / Кененимге баратса, / Хан Дабытай, Кесилет, / Ачакан келет жанаша, / Эми болот көргөнгө, / Өтө кызык тамаша.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айкөл чыгып калды эле, / Манастын аты чыкканда, / Балаадан Баймат кутулуп, / Алгыр куштай жутулуп, / Кыйкырып Баймат барыптыр, / Кызык болуп калыптыр: / — Баатыр сени унутуп, / Байкабай балаа бастым, — деп, / Манжудан келген кулуңдан, / Күнөөсүз өлө жаздым, — деп, / Кырааным сени унутуп, / Кый…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Шернени баштап койушуп, / Кыз, келинди чогултуп, / Комузчу, ырчы кубулжуп, / Кызыкка булар толушуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →