кызуу1
- Ысык.
- Өнүгүп-өрчүгөн, дүркүрөп күчөп турган, сууй элек, кызыган (сезим, көңүл,кубулуш, окуя ж.б. жөнүндө).
- Кызымтал, анча мас эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Мал кызуу төлдөп жаткан кез.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мен кызуу менен жүгүрө берип, балчелекке кандай жеткенимди да билбей калыпмын.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →