кызматкер
- Акыл эмгегинин же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу айрым тармагында иштеген кызматчы, белгилүү бир ишти иштөөчү адам.
- Бирөөгө малай катарында кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун иштөөчү.
- өт. Бирөө жөнүндө кам көрүүчү, ошонун эркин орундап кызмат кылуучу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыз олуйа дегендин, / Кызматкери боломун, / Жанымды койуп көөдөнгө, / Ташка айлантып тениңди, / Токтотуп койом жөн эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Каңгайлап ураан чакырды, / Катуу айгайлап бакырды, / Караңгыда калдаңдап, / Кабылан эрди качырды, / Капташып кирип келгенде, / Жандап өтө берди эле: / — Кетти душман жериңе, / Кейишти салат элиңе, / Мен Торгойго кызматкер, / Чигитейге беттешип, / Айтып койгун деди эле!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бир балага он киши, / Кызматкер кылып буйруптур, / Бүткөн бойун жуудуруп, / Белине асыл буудуруп, / Эркиңче бакты балдарды, / Ай, деп айтпай кутуртуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ороолонуп Тапан хан, / Одураңдап бакырып, / Кызматкерин чакырып, / Кылычын тартты кынынан, / Кыйкырыгы таш жарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сатай, ылдам, болгун, — деп, / Кемпир менен балдарды, / Жай-жаткызып кондур, –деп, / Сомбилек баатыр шаштырып, / Алып барып аларды, / Айабай сыйлап жаткырды, / Бирине бештен кызматкер, / Так алты күн бактырды, / Артып келген жүктөрүн, / Өздөрүнө ачтырды, / Бекбачага берген заар, / Кол сандыктан таптырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →