кызган
- Кыйбоо, бергиси келбей аёо.
- Ичи таруу, ичи тардык кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тынымкан сулуу кызды алды, / Сомбилек кызды алышка, / Кытайдын калкы кызганды, / Кысас болуп кылганы, / Каңгай, кытай кысталды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Баатыр Сыргак качырды, / Тоо экен деп кызганбай, / Минген пили карпаңдап, / Колу буту тарбаңдап, / Кошундун туруп ичинде, / Коркоктун көбү калдаңдап, / Күүлөдү майтык найзасын, / Күүсүн мунун байкагын - / Кү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…танып жүргөн Сомбилек, / Уктап жатат мында, деп, / Көз айырбай карашып, / Калдуубет менен Коромжу, / Ошол кезде бул экөө, / Бет келишти жанашып, / Биринен-бири кызганып, / Көрбөгөн кызды талашып, / Түнкү болгон окуйа, / Түбүнө жетпей сурашып, / Тулпарларын чуратып, / Аркадан чаңды чубалтып, / Найзаларын сундуруп, / Койгулашып …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бул качан болсо балдардан кызганып, талканын тышка тартуучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Асанга тил кирет, ал кызга жол жүрүп баратып мастен кемпирдин үйүнө туш келгенин, ач болгондуктан тамактарын жеп койгонун, мастен кемпир тамагын кызганып, кийик кылганын жана башкаларды айтып түшүндүрөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →