кызгалдак

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Кызыл гүлү кичирээк келип, тез ачылып, тез эле күбүлүп түшүп калуучу эрте жазда өсө турган өсүмдүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ки болгондо, / Кутула албайт бизден ал» / Деп Кубулжан ойлонуп, / Бара-бара чоңойуп, / Бойго жеткен кыз болуп, / Жез оймокто уз болуп, / Кызылы-кызыл агы-ак, / Кызгалдак чөпкө окшонуп, / Ийни салкы мойну кез, / Ойкуштанып оштонуп, / Кененимдин жанына, / Келип турду койкойуп: / — Кепке келгин Кененим, / Кекенишип сен менен, / Эр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ашмура башы Жетитөр, / Ишенбесең барып көр, / Бетеге менен кызгалдак, / Жел аңкыса, аңкып жыт бурап, / Кара кыйак, буудай баш, / Шамал ыргап кулпурат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Акбарсылдак, кызгалдак, / Кемирчек менен мандалак, / Козукулак, бээ эмчек, / Жөргөмүш менен кымыздык, / Балжууран менен ышкындык, / Томотой менен карагат, / Жермыйаз менен бүлдүркөн, / Жердин бети бүр экен, / Баашайы түрүн салгандай, / Барысы жердин гүл экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чөбүн барып оттобой, / Түш көргөн айбан кубанган, / Адыры көдөө, кызгалдак, / Байчечекей гүл жайнап, / Жолукка сайган саймадай, / Түрчечекей ыргалат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Чөптүн баары баш алып, / Агы кайсы, көк кайсы, / Сары, кызыл кошулуп, / Сан-санаксыз чечекей, / Кызгалдак түрү башкача, / Тумшукка килем жайгандай, / Кайыңы көккө созулуп, / Жыгачтын баары шаңданып, / Карагайдай бой созуп, / Арчанын жыты буркурап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →