кызар
- Кызыл түскө кирүү, кызыл түскө өтүү, кызыл түс пайда болуу, канталап чыгуу.
- өт. Уялган, кысылган абалда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ар канча мыкты болсо да, / Асыл өзү жаш бала, / Кененим кайрат кылалбайт, / Көз кызарып карганда, / Не да болсо көрөлүк, / Жумуру баш бир жанга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айлантып суусун чачтырып, / Садагасын чаптырып, / Сарыбашыл койун мууздатып, / Кембагалга уучтатып, / Сарыбашыл уйун талатып, / Жыйылып келип топтолгон, / Жашы-жалаңы, кары-жаш, / Баатыр эрди карашып, / Эки айактуу жумур баш, / Көргөндүн баары жаратып, / Чолпондой жүзү нурланган, / Чоктой көзү кызарган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…мге айтканда, / Канкордун уулу Кененим, / Карс-карс күлүп жиберип, / Күнгө кургап калгандай, / Куу сары болгон мурутум, / Булкуп кармап имерип, / Кан куйгандай кызарган, / Керебе сары сакалды, / Жулкуп кармап сыланып, / Каалгадай кашка тиш, / Маңдайынан кылайтып, / Кененим турду муну айтып: / Мурунтан калмак, адатың, / Алдап т…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Карап турса баатырлар, / Аскер чыкты талаага, / Бир тарабы кызарды, / Билсе жумуш узарды; / Бир тарабы көгөрдү, / Билсе жумуш көбөйдү; / Бир тарабы карарды, / Аскерге толуп жер калды; / Бир тарабы агарды, / Ааламдын баарын кол…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өрттөй көзү кызарып, / Сунса мойну узарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →