кыз
- Ата-эненин ургаачы жыныстуу баласы, ургаачы жыныстуу, бойго жете элек же бойго жеткен жаш адам.
- Аялдын кайын сиңдисине (күйөөсүнүн карындашына) карата тергөө катары колдонуучу сөзү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Иниңди баккын урматтап, / Кызыңды баккын кымбаттап, / Элиңди баккын туз актап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…лгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл бил…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кардыгач кызым чоңойуп, / Каралды болуп калды эле, / Өзүмдү тартып калганбы, / Өтө кароо малга эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Оң жагындагы корукта бир кичине кыз сереңдеп, уй тосуп жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошондо кыз чыдабай бир күнү элди чогултуп, Зыйфырымдын көзүнчө.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →