кыжыр

китептерде 37 жолу, 10 китепте
  1. Ачуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ат ойнотуп Кесилет, / Арасында он миң бар, / Кумурскадай быжырап, / Кара курттай кыжырап, / Каптап кетти коросон, / Эчтекени элебей, / Эрениң бара жатканда, / Оролуп түштү отуз тор, / Капташып калды мынча тор. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…үл күндү салыптыр, / Үчкаркыра, Сарарка, / Эки Кемин буларга, / Жөөлөп чубап барыптыр, / Иледеги миң үйлүү, / Ушинтип тентип калыптыр,- / Ушул кабар укканда, / Кыжыр толду Манаска, / Кепти угуп күүлөнүп, / Бузулуп өңү түрлөнүп, / Манас турду күркүрөп, / Жан алчудай сүрдөнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Капаланып кыжырдап, / Тиштесе тиши кычырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Башариндикине мындай жөн салды барганда токоч бермек түгүл, тентек баласы — Петке бизди көрсө кыжыры кайнап уруп, ызалап коё берүүчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бай кыжырына чыдай албай, мени төөнүн чылгый терисине салып, анын оозун тарамыш менен тигип, бир жерге алып барып таштайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →