кыжалат
- Муктаж, зарыл.
- Ыңгайсыз, эмне кыларын билбеген абал, капа болгондук, тынчсыздангандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Биле албай көчүп калганы, / Зыйан ачуу эмеспи, / Кимисин берсем болор, деп, / Кыжалат болуп кысталат, / Байын берсе аз калат, / Тузду берсе мейли-эп, / Чулпулдаткан туз алса, / Таш бербестен бүт алат, / Эки тишти ак колтук, / Ал экөөнөн туз берс…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…дын тоосу айланып, / Амалайга туташат, / Бир башында мен турсам, / Бир башында сен турсаң, / Орто Азийа элине, / Манас салса чуулган, / Кылым укса бул кепти, / Кыжалат болуп уйалам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арамзада канчыктын, / Санаасы санга бөлүнүп, / Сапырылып токтобой, / Ой деңизин кечкенде, / Чойтолоң менен Тазкара, / Эр Тапакты кошо алып, / Сейитимге кеткенде, / Кыйалы кыркка бөлүнүп, / Кыжалат болуп Тапан хан, / Алтын такка олтуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Күлө тиктеп жылмайып, / Күйгүзүп Чүрөк муну айтты: / — Атанын ээрди тийбеген, / Энеден эмчек эйбеген, / Эчен бала элде бар, / Ошонун бири бул бала, / Бешик той бербей ат койбой, / Үчкө чыкты бул маалда, / Кыжалат болуп уйалам, / Аты ким деп сураса!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жаны ачыган кези экен, / Калдуубет менен Коромжу, / Коркутуп экөөн барышка, / Сийдиги агып бүркүрөп, / Байтерек менен абышка, / Барып көргөн кеп эмес, / Мындан мурун чабышка, / Барбайбыз деп айталбай, / Кыжалат болот барышта.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →