кыдырма
- Кыдырып жүрүүчү, кыдырып бир жерден экинчи жерге көчүп жүрүүгө ылайыкталган.
- сүйл. Көп айылчылаган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кыдырма мунун жалгыз баласы.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кожоюнубуздун катыны күндөгү убакта Кыдырма, Беккул мен үчөөбүздү отунга жумшап жиберди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Айылчы — арамза неме, кээде Кыдырма менен менин кокозомду карап коюп:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бирок Кыдырма экөөбүз мындай кылбайбыз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
…н оозундагы Василийдин жаркыраган үйү, мен уй кайтарган жерлер, Башариндин Ак-Сайдагы бал челеги, Бабайдын чөп чабышы, мен чөмөлө тарткан ой, Серкенин кашаасы, Кыдырма болуп ышкын терчү чоң күңгөй — баары да саналып, көрүнүп туруучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →