кыдырата

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Катары, ирети менен, катарынан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тогуз коргоол ойногон, / Сексен бир таш ээлиги, / Кыдырата үй санап, / Эки тишти ак колтук, / Байым атын чулпулдак, / Туз алам, деп мултуйат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ошондой үйдөн жетөөнө, / Кыдырата алпарды, / Жошологон челектей, / Бүткөн бойу кандалды, / Чыкпаган тирүү жан калды, / Коркуп булар сандалды, / Кайра айлантып абалды, / Киргизген үйгө алпарды, / Эси чыгып байкуштар, / Чай кайнамдын ичинде, / Өңдөн азып саргарды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…/ Кармагандан жан чыккан, / Кара кулак шер келет, - / Каныкей айкын биле албай, / Кайрадан жооп ала албай, / Кылчайып артын караса, / Кызыл-тазыл боо таккан, / Кыдырата үй тиккен, / Кырк чоронун айлы экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чатырга түштү дүгдүйүп, / Кан жөткөрүп үшкүрүп, / Улутунуп эстенип, / Ойуна далай кеп келип, / Кыдырата үчөөнү, / Катар тиктеп чекчейип: / — Өз ойумда жүрчү элем, / Эр болбойт деп менчелик. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кылыч чабар кылдатын, / Кыдырата ылгайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →