кыбыңда
- Көзү кыбың-кыбың этүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күн токтолуп ордунда, / Аркасын карап кыбыңдап, / Саамайын сылап кыз балдар, / Келиндер бойун жасанып, / Боз улан, жигит керилип, / Комдоно түшүп тап берип, / Улакты карай теминип, / Аттын баатыр токтобой, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жаңыдан бир асыл буюм таап алып кубанып турундай кыбыңдаган көзү дайым күлүп туруучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →