куюнда
- Куюн болуу, уйгу-туйгу түшүү, уюлгуу.
- өт. Абдан тез, бат кыймылдоо, жүгүрүү, чымылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Шашкан бойдон, дүнүйөмдүн баарын олтурган жеримде калтырып, ала-сала куюндап, мен да жөнөдүм.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– деп кудукка куюндап кирди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →