куш2

китептерде 402 жолу, 10 китепте куш 1 →
  1. Көңүлү ачык, жайдары, куунак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айкөл чыгып калды эле, / Манастын аты чыкканда, / Балаадан Баймат кутулуп, / Алгыр куштай жутулуп, / Кыйкырып Баймат барыптыр, / Кызык болуп калыптыр: / — Баатыр сени унутуп, / Байкабай балаа бастым, — деп, / Манжудан келген кулуңдан, / Күнөөсүз өлө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куш салса бирге салышты, / Ат койсо бул да жарышты, / Күн кеч кирер мезгилде, / Аркага кайта жанышты, / Мейкин зоого барганда, / Кирип кетти калгандар, / Кире албай калды Кара дөө, / Капалданып таң атты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ «Каран тун башка тушту — деп, / Кара кыргыз калкынан, / Таалайдын кушу учту — деп / Бул арам өлөгөн Канчоро, / Арстандан калган бууданды, / Эмчектеш болгон тууганды, / Салылуу коргон дубалды, / Залкар тоодой буларды, / Салбар чоро кулатты! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Биздин маңдайыбызда түнөргөн калың карагайдын ичинде, ушул караңгы түнгө ылайыкталып бүткөндөй, бир куштун күркүлдөгөн коркунучтуу дабышы чыгат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошол күндөрдө бир кан жигиттерин ээрчитип куш салып чыгат, ал куш чалдын алачыгынын түндүгүнө келип конуп калат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →