кучакташ
- Бири-бирин кучактоо, кучагына кысуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Билмексен болуп турайын, / Билгизбей колду жыйнагын, / Тымтыракай чыгарып, / Таластын тарпын кетирип, / Ыраактан келген эрлерге, / Айдоого келген элдерге, / Айабай тартуу мал берип, / Кучакташып достошуп, / Кош айтышып коштошуп, / Өмүр бойу тынч алып, / Тынч жатып ээлейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сөз ушуга келгенде, / Токтоно албай Алмамбет, / Арстаным Манас, деп, / Мойундашып көрүшүп, / Шур-шур жыттап өбүшүп, / Чубак менен Алмамбет / Кулачтарын жазышты, / Кучакташып алышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көрүп туруп байакы, / Желдет кайра жүгүрдү, / Эки жеңин камчылап, / Мурдунан каны тамчылап, / Айткан кеби угулбай, / Сүйлөй албай алсырап, / Тазкара кебин айтам, — деп, / Баш-айак кылып тамтырап, / Тапан хан, менен шумпай кыз, / Кучакташып отурат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Алдына келип ат алып, / Канчоро менен көрүшүп, / Сагынышкан немедей, / Кучакташып өбүшүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Тамакты ичип бүткөндө жигит катынын ээрчитип киргенде, кан кызын көрүп бакырып, кызы дагы бакырып кучакташып ыйлап, кан кандыгын күйөөсүнө берип, өзү жөнөкөй киши болуп жатып калат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →