кучакта

китептерде 116 жолу, 9 китепте
  1. Кучагына алуу, кулачын жайып, кучагына оролто кысуу.
  2. Бир нерсени кучагына кыса көтөрүү, кучагына оролтуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ан капырды, / Кабуусуна келтирип, / Ээктин алды бези деп, / Кулак түбү ушу, деп, / Муштап өттү Чакмакташ, / Кызыл канга найзаны, / Чыктап өттү Чакмакташ, / Жер кучактап жыгылды, / Топтого башы тыгылды, / Денеден башы бөлүндү, / Бу да көрдү өлүмдү, / Агачалык каңгайдан, / Жана бир бөлүндү, / Алдынкы өлгөн экөөнүн, / Балбаныраак… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тирүү жанын койбоду, / Жер кучактап сойлоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Экөөн найза тешпеди, / Акимсиген Чойун алп, / Алдында минген буудандан, / Аңтарылып кеткени, / Жер кучактап жыгылды, / Эр кишидей асыра, / Алдыңда минген атыңды, / Дууланып калган Кеңкула, / Аттай чуркап кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кабылан шерди кучактап, / Оодарылып атынан, / Чубак жетти дардактап, / Аламан болуп турган чак, / Чоролор чуркап далдактап! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…көн бойу мемиреп, / Чолпондой көзү жарк этип, / Кулагы угуп шарк этип, / Асманды тиктеп көз бардап, / Жерди карап алаңдап, / Амансыңбы, аба, деп, / Зор Бакайды кучактап, / — Салмагым көөхар экен де, / Саадагым кырк кез экен де, / Арстан Манас барында, / Ошол кезде өлбөдүм, / Же өзүң аман барыңда, / Ошол кезде өлбөдүм, / Канчор… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →