кучак

китептерде 34 жолу, 7 китепте
  1. Кучактоо үчүн эки колду оролто жайгандагы абал, ополто жайылган кулачтын эни, көлөмү.
  2. өт. Оролгон, курчалган, текши камтылган абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Буттары чынар бутагы, / Балтырына адамдын, / Жетээр эмес кучагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сегиз миң жыл жашаган, / Адам ойлоп тапкысыз, / Нечен ишти жасаган, / Кутулбады Жүйрүн дөө, / Керк көтөрбөй, пил минбей, / Антип жүргөн нечен дөө, / Кутула албай баарысы, / Колунан кетип намысы, / Кучагын жайып кулачтап, / Жерди жыттап калышы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ип барганы, / Муну айта салганы: / — Эки күндөн бер жакка, / Жыйын болуп хан такта, / Бий, акимдер чогулуп, / Арбын кеңеш кылышты, / Өткүр балта, курч бычак, / Кучак-кучак жыйышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алып келген болучу, / Жоондугу жыгачтын, / Алты кучак толучу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Чылбырынан кармаса, / Тутам эмес кучакка, / Бата албайт чылбыр караса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →