куушур
- Кууш кылып кысуу, куруштуруу, тарытуу.
- өт. Туш-тушунан кысымга алуу, айласын кетирүү, кысуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ханы өлүп эл калса, / Саадагын салып мойнуна, / Кол куушуруп тизелеп, / Бир жүгүнүп кутулат, / Кара аскер өлүп хан калса, / Калкынан жана кычырат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кубатай өлдү, кулады, / Коросон коркуп чуулдады, / Кол куушуруп Ырыскан, / Оогандын журту тынч калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…дерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жашы бош кетип, / Мурдун тартып шор этип, / Маңкалары чубалып, / Эми өлдүк бүт дешип, / Кененимге кезигип, / Кетти деп башым кесилип, / Кеп к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Болот, Бакай, болот, — деп, / Борсулдап Кошой күлдү эле, / Кол куушуруп Каныкей, / Жүгүнүп карап кирди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Чылгый тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →