куурдак

китептерде 21 жолу, 7 китепте
  1. Майга куурулган эт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Желелешип бээ байлап, / Казанда аппак май кайнап, / Сары кант, куурдак, бал каймак, / Канчалаган даамдары, / Дасторкондо түр жайнап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Казы-карты, жал койду, / Кездик салса бойлогуз, / Жайа бычып май койду, / Капагы менен бал койду, / Каймакка бышкан нан койду, / Кашыктары күмүштөн, / Куурдак менен чай койду, / Эзген курут аралаш, / Томоруп сары май койду, / Аңкагандар жутсун, деп, / Токтотуп койду бозону, / Кымыздан тарткан арактан, / Болушунча аны… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куурдак менен май ичип, / Жан айак менен чай ичип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кандыра кара чай берип, / Каймакка бышкан нан берип, / Куурдак менен май берип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…т тартып, / Отуздан төмөн жаштарга, / Сары куйка баш тартып, / Барлык элге берерге, / Кымыздан арак тарттырып, / Көөкөрлөргө куйдуруп, / Күбү менен тургузуп, / Куурдак менен май берип, / Сапты айак менен чай берип, / Тиши бүтүн балдарга, / Буудай майлап жай берип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →