куургуч
- Эгинди же башка нерсени куурууга ылайыктап, башына тоголоктоп кийиз байлаган таякча.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаргылчагы чарайна, / Аны тартып бооруна, / Найза кылып куургучун, / Кошо кармап колуна, / Чирене тээп туткучун, / Үзөнгүнүн ордуна, / Супурасы кисепчи, / Эки буттун томукта, / Осурагы доолбас, / Тарс-тарс деп үн чыгат, / Жоо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сокуну минип ат кылдым, / Сок белекти камчы алдым, / Үзөнгү болду туткучум, / Найза болду куургучум, / Кылыч болду ирегим, / Калкан болду супурам, / Жаргылчагым – чарайна, / Желпүүрүн табак – туулга, / Андан башка нечен түр, / Өнөрүм бар бир канча, / Айанбадым Сейиттен, / Салгылаштым мен канча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жаргылчагы чагылды, / Куургучу сынып кур калды, / Супурасы жыртылды, / Сыйкырына жол койбой, / Сейити буга сыр кылды, / Качып жүрүп кара жүз, / Тапан ханга жолугуп, / Тынч жаткан элге чыр кы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Мен коюнкончумду кымтыланып башын жогору каратып, үйгө жөлөп койгон куургучтай үп-сүйүп, бир чоң талдын түбүндө бутумду тиктеп тикемден туруп турам.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →