куурай
- Жетилгенде, куураганда сөңгөгү катуу болуп калуучу жана көбүнчө отун катарында колдонулуучу өсүмдүктөрдүн жалпы аты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чекене алыс жерде деп, / Кол салбадык силерге, / Кара шаар, жылдыз элдерин, / Эркине койдук жерде деп, / Арабызда калмактын, / Аласын ала качпадык, / Ак теңгесин чачпадык, / Каңгайда шибе, солондун, / Көп орбодук буудайын, / Өрт койбодук айдаган, / Шекер кылчу куурайын, / Анча-мынча дем алып, / Келесиңер жыл сайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…йы, / Чыккан чөбү бүт дары, / Аркар оту, мамыры, / Арбын чөптүн тамыры, / Шыралжын менен бозунач, / Кокон менен сүт тикен, / Кан аккан жерди бүтүргөн, / Чалкан куурай бирсалар, / Шишикке дары табылбай, / Өпкө оорунун дарысы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алмамбетти өлтүрүп, / Куурайдай мойнун кыйыңар, / Агеркечти жулмалап, / Желке чачын кыркыңар, / Кементайды кийгизип, / Кер байталды мингизип, / Алып барып таштаңар, / Карахандын шаарына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кам орбодум буудайын, / Сындырбадым куурайың, / Ак куржунуң ачпадым, / Ак теңге пулуң чачпадым, / Жакшы-жаман экен деп, / Артыңдан сени айтпадым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мен муну айтканда, жеңем эми мындан ары көрө турган күнү бүтүп, өмүрдүн акыркы сааты калган кишидей колунда бир тал куурайы менен жерди чукуп, салбырап, акырын гана жашын төгүп, үнсүз ыйлап отурган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →