куураган

китептерде 27 жолу, 10 китепте
  1. Куу болуп өспөй калган, өсүүсүн токтотуп, катып калган (өсүмдүктөргө карата).
  2. өт. Оңбогон, оңолбогон.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бактылуу сендей хан болуп, / Чукул бизге жар болуп, / Колдогон киши бар болсо, / Корко турган кеп эмес, / Куураган жанды мен айап, / Туруп алчу мен эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ы, / Орунсуз кепке арданып, / Оолугуп кыргыз турбады, / Туучунак атын алдырып, / Бай Жакып токум салдырып: / “Кардыгач кандай болду-деп, / Баласына кайгырып, / Куураган экен Карманап, / Оокатынан айрылып! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бейжинге кайра келгенде, / Куураган кытай Эсен хан, / Эр жөлөгү Айжаңжун, / Эки кытай элебей, / Эки кызын бергенде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эшиктин алдында, очоктун жанында бир колтуктай бактын куураганы жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала хандын аддына келип баканы аман алып калганың, ал бака көк жашыл кичинекей асыл ташты бергенин, ошол таштын күчү менен капкачан өлүп, куураган башы калган жигитти тирилтип алганын, анан ошол тирилген жигит бул баланы кудуктун түбүнө таштап кеткенин, андан кийин дагы эмнелер болгонун калтырбастан бүт б… Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →