куура

китептерде 77 жолу, 10 китепте
  1. Өсүп, көгөрүп турган абалында болбой, соолуган же кургап, катып калган абалга келүү.
  2. Кургоо, куудураган, катып калган абалда болуу.
  3. өт. Кыйынчылык тартуу, кысталуу, кордук көрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Он беш күнү күйөмүн, / Аладырдын жеринде, / Алдайгырдын белинде, / Он беш күндө келбесең, / Бар малыңды жыйнатам, / Кыргызды карай айдатам, / Талкан кылып шаарыңды, / Андан кийин кыйратам, / Таштан салган шаарыңды, / Талкалаймын баарыңды, / Кумдан салган шаарыңды, / Кулатамын тамыңды, / Кууратамын баарыңды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кутулуп кете албайсың, / Кууратамын эми мен, / Былкылдатпай тордодум, / Куу туйак, сени койбойум! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Анык угуп Кененим, / Көбөйбөгөн аз жакта, / Коросон менен испандык, / Бүгүн менден пас жакта, / Колботуп кошуун кура элек, / Батыш менен чыгыштын - / Баарына кабар кыла элек, / Кур семирген буларды, / Кууратайын аны деп, / Антип келип калганбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…Сыр найзаны берем деп, / Абамдын айткан кеби — деп, / Берерге келди эби, — деп, / Кутубайдын Карадөө, / Ме, алпарып бергин” деп, / Кутубайдын Карадөө, / Алдына куура өңөрүп, / Өңөргөн менен ал турду, / Салмактаган жагына, / Тең боло албай көгөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Арстандардан ажырап, / Калама арык кулады, / Суу акпай какшып куурады! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →