кууна
- Жетиштүү, кең-кесири болуп жыргоо, шаттануу, кубануу, көңүлү жайдары болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргыз куунап жаткан кез, / Ойуна алды бир ишти, / Эр Бекбача кара көк: / “Алтымыш уруу алаштын, / Малы болду чөптөн көп, / Токсон уул түрктүн,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эртеси көрүп эр Көкчө: / — Кана, баатыр Алмамбет, / Не болгонун айта сал, / Сениң көркүң бөлөкчө, - / Көргөн түшүм мен айттым, / Айат, адис, маани айттым, / Көңүлү куунап эр Көкчө: / — Кудайдын кылган иши, — дейт, / Түшүңө кирген Мухаммед - / Исламдын ээси киши, — дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жапалуу Керкит көп элин, / Жай кылып көөнүн куунаттың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Илгери бир өткөн заманда Азил деген кан өзүнүн акылдуулугу менен элин жакшы башкарып, бейпил убак менен эли куунап-жыргап бир нече жыл жашаптыр.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →