куудура
- Куудур-куудур этүү, кулдурттоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…гө айланса, / Андай айлабыз нетти, деп, / Таң атканча уктабай, / Бетирке, Калдык, Көкбөрү, / Каракөз – төртөө кайгы жеп, / Таң агарып сүргөндө, / Камыштын башы куудурап, / Жыгачтын учу шуулдап, / Капчыгайы куулдап, / Ала карга азанчы, / Үн алышып чуулдап, / Каракаш торгой чулдурап, / Жан-жаныбар кыбырап, / Жандын баары мыдырап…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чөптүн башы куудурап, / Теректин башы дирилдеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жийдекан ордунан туруп, чыгдан жактан куудурап, катып калган бир кичине жаман чаначты алып, мага берип жатып:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →