куудур1

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Куудураган, кулдур-кулдур эткен (тери, жаргак жана алардан жасалган кийимдерге карата айтылат).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аркан бойу бир жерге, / Көпчөк, чапан жаздырды, / Үстүнөн атты бастырды, / Мына минтип кыргызга, / Из куудурбай жазгырды, / Бозжон деген бир жерге, / Алып келип жаткырды, / Боз жондо бекер жатпадым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алмамбеттин Күлчоро, / Ар сыйкыры бар чоро, / Калмакча жайды катуу окуп, / Канча дуба жат окуп, / Айалдабай бат окуп, / Шамалга булут куудуруп, / Айдап келип тундуруп, / Алтысай мөндүр куйдуруп, / Топуракты жуудуруп, / Күн көрүнүп жарк этип, / Күчтүү жел жүрүп шарк этип, / Күн ачылды шаңк этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ндо жүз элүү, / Семизинен тапкын, деп, / Боз чаар кулан аткын, деп, / Бол турбагын баскын, деп, / Кулан аты болбосун, / Кысырынан болсун, — деп, / Кумдан кулан куудуруп, / Карматып келип боз чаарын, / Төрт айагын буудуруп, / Куландан чыккан кысырак, / Мунун этин жебесе, / Кантип баатыр эс алат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →