куугунчу

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Бирөөнүн артынан куугун салуучу, куугунга алуучу, куугундоочу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Бирок артынан түшкөн куугунчу шордууну куткарбаптыр. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Куугунчу көрүнбөйт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Куугунчулар жете турган болгондо кыз сыйкырлап, жигит менен өзү бөдөнө болуп жерге түштү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →