куугун
- Бирөөнү кармап алуу үчүн артынан түшүп кууган аракет, куугунтук.
- Ошондой максат менен бирөөнү кармоо, куугунтукка алуу үчүн жиберилген адам же бир нече кишилердин тобу.
- Айдоо, сүргүн, куугунтук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кошуундан чыгып компойуп, / Чүкө ичинде томпойдой, / Элге батпай кортойуп, / Жети сууга барам деп, / Кетип барат Каракөз, / Аркамдан куугун жетет деп, / Санаасы сан, кыйал миң, / Нетип барат Каракөз, / Өлбөй тирүү бар туруп, / Кайран жандан түңүлүп, / Кечип барат Каракөз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Куугундан аттар кутулуп, / Арт жагына бурулуп, / Боз жорго баштап бардык ат, / Таласты карай чубуруп, / Чубактын аты Көктеке, / Бычылбаган мал эле, / Айгырлык жагы бар эле, / Кош кулагын жапырып, / Оттоп туруп алганын, / Соорудан тиштеп качырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Артынан бар дебеңиз, / Алдыраса арканча, / Артынан куугун барбаса, / Киши эсепке албаса, / Өзү келет бир күнү, / Чойтолоңдо ал канча?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Куугунсуңбу ыраактан?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кайнатасы кыз менен жигиттин аркасынан куугун жиберди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →