кутур
- Кутурма оорусу менен ооруп калуу, жинденүү, жээлигүү.
- Жүрүм-туруму, кыял-жоругу өзгөрүлүп, обу жок көөп кетүү, чектен чыгып эсирүү.
- Жаалдануу, өтө катуулоо, күчөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мөңкөтайды кутуртуп, / Таласка таштап кетипсиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…чтиң, Кененим, / Көрүп туруп кейпиңди, / Өзүм эми келгемин, / Эми кайта жер бетин, / Экинчи көрөм дебегин, / Талпагың ташка керейин, / Тереңди тасма тилейин, / Кутурупсуң, Кененим, / Көөкөрлөп каның ичейин, / Айтканыма жетпесем, / Найзага илип кетпесем, / Өзөгүңдөн жарбасам, / Өпкө бооруң албасам, / Бооруңду чокко салбасам, / Жү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жабыла минип калбастан, / Аттанып барың чыккыла, / Алактаган буруттун, / Аскерин курчап жаткыла, / Кутуруптур бул бурут, / Бар шайтанын каккыла!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ажалың тартып келипсиң, / Жеткирбей сени Таласка, / Кадемиңди катырып, / Кара жерге тапшырып, / Жер жайнаган колуду, / Олжо кылып алайын, / Кутургурду сайдым деп, / Сүйүнчүлөп барайын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Тышта кутурган бороон карды челип, ыргытып турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →