кутул

китептерде 349 жолу, 10 китепте
  1. Бошонуу, боштондук алуу, куткарылуу.
  2. Жеткирбей, карматпай кетүү.
  3. Милдеттүү болбой, доого калбай, биротоло тынуу, мурдагы абалдан чыгуу, арылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Уушаң менен Мурадил, / Кутулуп кете албады, / Канчоро менен Жалгызек, / Канга кылыч майлады, / Аны менен тим болбой, / Амырдын агын бойунда, / Семетейди Коңурбай, / Чакыртып алып барганы, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айкөл чыгып калды эле, / Манастын аты чыкканда, / Балаадан Баймат кутулуп, / Алгыр куштай жутулуп, / Кыйкырып Баймат барыптыр, / Кызык болуп калыптыр: / — Баатыр сени унутуп, / Байкабай балаа бастым, — деп, / Манжудан келген кулуңдан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кетпеймин деген немесин, / Айылын башка кондуруп, / Саанын берип тундуруп, / Кулдуктан башы кутулуп, / Ойноп калды туйтунуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Баятан батынбай турган койлор, муну көргөн соң, кутулбай турганына көзү жеткендей, четинен күрүлдөп, сууга кирди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Түлкү буту-бутуна тийбей качып отуруп тайгандан кутулбасын билгенден кийин жакын арадагы ийинге кире качат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →