куттуу
- Бактылуу, ырыс-таалайлуу, кутмандуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Энеси көзүн жаштады, / Айтып кебин баштады: / — Картайганда энекең, / Жүктүү болду Нурфану, / Бекбачанын келгени, / Куттуу болду Нурфану, / Тогуз айга күн саны / Толуп калды Нурфану, / Энеңдин бошоор мезгили, / Болуп калды Нурфану, / Жана кырк күн тургунуң, / Аман-эсен көз жарсам, / Эркекпи, кызбы көргүнүң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баштагыдан беш бетер, / Куттуу болсун өзүңө, / Падышалык тагыңыз, / Күндөй тийип душманга / Сынбады сиздин шагыңыз, / Күкүрттөн бетер күч алып, / Күндө ачылды багыңыз, / Алдыңа келген Жакып бай, / Тилегим кабыл алыңыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кылычтай өткүр жолборсуң / Алмамбет экен жолдошуң; / Бөктөр-бөктөр белиңиз, / Мөмөлүү куттуу жериңиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — Айланайын энелер, / Андан кийин эжелер, / Болжолдоп туруп келдиңер, / Мезгилинде ченебей, / Куттуу үйдө кур койбой, / Тур, Айсалкын суусун куй!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Менин отурган-отурбаганым менен жумушу да жок, айтор молдо отурду болду дегендей, тиги куттуу жерине барып конгондон кийин, өзү да ордуна барып отурду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →