куткар
- Кутулгандай, боштондук алгыдай абалга келтирүү, кутказуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Отор өлүп кеткенде, / Эки жагын караса, / Маңдайда калың кол да жок, / Топурак учуп, жер чаңдап, / Чачкандай болуп жатыптыр, / Куткарбайын бирин, деп, / Куп кыйамың келди, деп, / Тору атты бура тартыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Балбанына карабай, / Беттеп кирди бешөөнү, / Жайыла кача бергенче, / Жан куткарып кеткенче, / Жапшыра сайып өттү эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жалгызек баатыр бүркүттү, / Үч түлөтүп ал салган, / Азуулуудан жолукса, / Каман, бөрү, түлкү алган, / Кашкулак, карсак, саманчы, / Көргөнүн качан куткарган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Канкордон сени куткарбай, / Кантип мында мен келем.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бала кууп келгендерге кырк төөнү пулу менен берип, Кыраанкараны куткарып алат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →