кусур

китептерде 8 жолу, 6 китепте
  1. дин. Бир нерсени дайны жок кемсинткендик, баалабагандык, кесир кылгандык.
  2. Ошонун натыйжасында пайда болуучу күнөө, кырсык, кесепет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кабар кылды калкына, / Катыны эркек тууган жок, / Күмбөзүн тайып арстандын, / Той берем деп айтууга, / Бекер жатып эриккен, / Кымыз ичип эт жеген, / Тамактан качып зериккен, / Кусур кылып кудайга, / Кыргыз жаткан кез экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
менен Мөңкөтай, / Кара болсо нээттери, / Жер кучактап жатпайбы, / Айкөл эрдин арбагы, / Бул экөөнү жөн койбой, / Төбөсүнөн баспайбы, / Тузуңа кылса каралык, / Кусуруң сенин урбайбы, / Жараткан жалгыз кудай бар, / Буларды өзү ылгайбы, / Кеңеш кылса жаман кеп, / Кесириң сенин урбайбы, / Кечилдин баарын ыйлаткан, / Эсири аман т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кызматын кылбай мындайда, / Кусуруңа калбайын, / Көрсөтүп кызмат алымча, / Озуруңа канайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жакасынан бек кармап: / “Жалгызыңдын көөнү үчүн, / Ооз тийип бергин деп, / Сизден мурун мен ичсем, / Кусуруң уруп кетер деп, / Ич, атаке, ичкин” — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эми анын кусуру урбай коёр дейсиңерби... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →