куса
- Сагыныч, эңсөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Куткарбас жайын укканмын, / Бир беттешсем экен деп, / Уктабай түндө кусамын, / Барар болсоң уруксат, / Көрүнөө барып узагын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Куса кылбай келдиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жымжырт тартып, адамды куса кылып ич бышырган жалгыз там.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Үсөн ичип жиберип, кайра жүрөгү айланып кусат, ичинен тооктун канаты чыгат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →