кус

китептерде 17 жолу, 8 китепте
  1. Ичкен-жегенин кайра оозунан чыгарып таштоо, окшуп таштоо.
  2. өт. Алып, жок кылып койгон нерсесин аргасыздан кайтарып берүү, кайта берүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Пейлин Сатай бузуптур, / Эшикке чыгып кеталбай, / Апкаарып Бетер кусуптур, / Жүрөгү чыгып апкаарып, / Басалбай Бетер тамтайып: / “Бар пейлимди билди, — деп, / Сатай кандай болду, — деп, / Иттен бетер чык деди, / Чыкпасам эми болбойт” – деп, / Эшикке чыгып ал бетер: / “Хан Сатайдын үстүнө, / Кириптирмин мен бекер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…аанын көргөн калтырап, / Айтарына кеп таппай, / Тил байланып тамтырап, / Бул белгиси келүүчү, / Бул белгисин көргөндөр, / Ө дээрге алы келбестен, / Үч күнү-түн кусуучу, / Жүрөгү чыгып калуучу, / Азырейил: “жудаа”-деп, / Арадан бөлүп алуучу, / Ашырбай чынын биз айтсак, / Арстандын жайы мына ушу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда Чүрөк кеп айтат: / — Апей көтөк не дейсиң,, / Кан кускан бала деп айтат, / Семетей теңи мен эмес, / Менин теңим сен эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…тып, / Сүйрөгөнү андан көп, / Караанга келген чуркурап, / Дүрбөгөнү андан көп, / Караанын көрбөй баатырдын, / Сүрдөгөнү андан көп, / Көпчүлүктүн көөнү айнып, / Кусуп жаткан андан көп, / Үрөйү өчүп, өңү азып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ушинтип айтып бака кусуп жибергенде, оозунан кичинекей көк-жашыл таш ыргып кетти. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →