курчу
- Курч, өткүр болуу, мокок абалдан курчуган, өткүр абалга келүү.
- өт. Кайратына, күчкубатына келип жетилүү, мурдагысынан өзгөрүлүп чыйралуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Испандыктын элинде, / Ала келген пили бар, / Пилдин сырын билип ал, / Жыландан бери иймелген, / Ичегидей чиймелген, / Тумшугунда темир бар, / Тумшугунда темирдин, / Ортосунда учу бар, / Учуна салган курчу бар, / Бир жагында балтадай, / Такталаган сырты бар, / Бир жагында темирдин, / Кылычтай кесер мизи бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…/ Ок жыланга окшотуп, / Билер-билбес жигине, / Жара желим токтотуп, / Тал жибек менен чырматып, / Көгүчкөндүн канатын, / Сыйрып алып сырдатып, / Кытайдын кызыл курчунан, / Бир канчасын алдырып, / Бөрү тилме чыгарып, / Учун ууга сугарып, / Тасмадан боону тактырды, / Балбандар алып жактырды, / Колумсага салдырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куткарбаска алдырып, / Тапан хан куру калат, деп / Ортобузга сууктук, / Салгалы айткан ушагы, / Экөө айтты ырас, деп / Чойтолоңдун курчуңдап, / Айткан кебин карачы, / Чойтолоңдун, Тапан хан, / Сага кара санаасы, / Кишиники кебинен, / Чыгып калат аласы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Балтасынын курчу бар, / Бүткүл манжу журту бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Айанып калса Сомбилек, / Кылыч, балта курчу урсун, / Ак найзанын учу урсун, / Алдымдан чыкса душмандар, / Анда карап ким турсун, / Эригип жаткан эрениң, / Эрмегин айтып беремин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →