курч

китептерде 98 жолу, 10 китепте
  1. Болот, абдан катуу металл.
  2. Кесүүгө, саюуга ж.б. ылайыктап курчутулган, өткүр абалга келтирилген, мокок эмес.
  3. Жашык эмес, катуу.
  4. өт. Өткүр, тайманбаган, жалтанбаган, эр жүрөк, кайраттуулук, өтүмдүүлүк, эрдик.
  5. өт. Ыкчам, өкүм.
  6. өт. Таасирлүү, адамга тез таасир эткен, таасын айтылган, өткүр (кимдир бирөөнүн тилине, айткан кебине карата).
  7. өт. Катуу, өткүр, кызуу мүнөздө.
  8. өт. Күчтүү, кубаттуу (ачкылдыгына, ачуулугуна же майдын күчүнө карата айтылат).
  9. өт. Таасын көрө алган, өткүр, көрөгөч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ак карасын сындабай, / Кепти абдан сурабай, / Акимдик кылып Курчун хан, / Чаңбейсенге барыптыр, / Кара сакал хан Жанай, / Мындан кабар алыптыр, / Камынып тосуп Курчунду, / Алдынан тосо барыптыр, / Болгон ишти катырбай, / Жанай кепти салыптыр, / Эл башкарган Курчун хан, / Уйалгансып калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кубатай менен Ырыскан, / Курчалышып урушкан, / Баш тарткан жок кайрылып, / Алдындакы жумуштан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ндай, / Алмамбет менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара ат, / Айабай камчы бир салат, / Бөрү тилдүү өткүр курч, / Найзасын күүлөп булгалап, / Казыдай мойну узарып, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ойлоп атып уктабай, / Таң агарды түнөөдө, / Кара дөө камбыл эр эле, / Кийгени соот күрөккө, / Эртең менен көрүнсө, / Бурулбай кармап көрөм, деп, / Курч байланды жүрөккө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Курчалышып Коңурду, / Ортосуна алыптыр, / Камалашып калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →