куруш3

китептерде 28 жолу, 9 китепте куруш 1 →
  1. Суу болгон нерсе (мис, тери, жаргак) кургап, курушкан, куучуюп катып калган абалга келүү, тырышып калуу.
  2. өт. Жактырбаган, ачуусу келгенин кейип көрсөтүү, кыжырлануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Теңсинбесе бир бала, / Курушту куйка терибиз, / Үрпөйдү төбө чачыбыз, / Ачууландык баарыбыз, / Бир жанга кантип ал келбейт, / Чогулушсак баарыбыз, / Деген ойло кумсардык, / Байрак тиктеп туу сайдык, / Найза күүлөп төш жайдык, / Биз көпчүлүк, ал жалгыз, / Канат керип дагдайдык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…рмачу, / Ар шайманы бар болуп, / Агы калбай көзүндө, / Ачуу менен кан толуп, / Таноолордон буу чыгып, / Бетинен сары жүн чыгып, / Азуулары кычырап, / Куйкалары курушат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…/ Балдарды көрүп кээ бирөө, / Тарамышы тырышты; / Чукул кирип келгенде, / Аламан койуп тиет, деп, / Кылычтарын суурушту; / Кужуру кайнап чогоолдор, / Куйкалары курушту, / Ойлоп турат эчени, / Короздой мойнун жулушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атың Сейит болгондо, / Кененим шердин уулусуң, / Ак калпак кыргыз туурусуң, / Атагы алаш элинин, / Арка тирек муунусуң, / Атыңды угуп, Сейитим, / Жазылды эми курушум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кийгени кызыл шайыдай, / Кыңгыранган уулдар, / Каз, өрдөктөй катарлаш, / Керилген келин, сулуу кыз, / Салтанат сайран курушуп, / Шапар тээп тунушуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →