курусун

китептерде 63 жолу, 10 китепте
  1. Кимдир бирөөнү же бир нерсени жактырбаган, жаратпаган, наалат айткан, нааразы болгон мааниде айтылуучу сөз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бүгүн келсе беш урук, / Башын кесип байланып, / Ат-тонун олжо алып, / Алматыга баралы, / Топтуу караан калдайып, / Көргөн күнү курусун, / Баш калкалап жан багып! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жасатыңды найзага, / Илип алып, Кененим, / Дабытайга барбасам, / Талана атым курусун, / Алтын жака асыл тон, / Сыйлыгымы албасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жыгылды кулжа дардайып, / Атканын жазбай кулатып, / Алмамбет калды барбайып, / Барбайганы курусун, / Басайын десе Алмамбет, / Эки буттан кан агып, / Мунжу болгон эмедей, / Туруп калды шалайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Семетей айтып жатканда, / Бакай баатыр баркылдап: / — Кой, Семетей, кеп кылба, / Курусун жүзү каапырдын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Мындай түлөө курусун, / Жүргүлө, балдар, кайталы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →