курулай
- Куру бекер, бекеринен, жөнү жок.
- Эч нерсеси жок, куру бойдон, жөн эле.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…йдын, / Катырайын кадамын, / Талоонго кеткен кыргыздын, / Талабын берип кайтайын, / Келбесе калдай бер жакка, / Мен барбаймын аны издеп, / Жакшы эмес адамга, / Курулай эле кан төкмөк” - / Дегенди алып ойуна, / Бара жатса баатырың, / Беш киши чыкты алдынан, / Баатырдын көрүп караанын, / Түшүп турду атынан, / Колдорун алып боор…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куурган арпа талкандан, / Курулай сууга чалдырып, / Жатмакчы болду берендер, / Олпокторун жамынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Эркек эле турбайбы, кыздын ээр токумун карабастан, эркектикин карап өттү го, курулай эле сүйлөй бересиңби?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →