куру2

китептерде 261 жолу, 10 китепте
  1. Түгөнүү, жок болуу, соолуу.
  2. Азап тартуу, эзилип-кыйналуу, шору кайноо, жүдөө, начарлоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Курчунду койбой эркине, / Маңгыт Калдык бурады, / Кара сакал Жанайдын, / Өтпөй калды сурагы, / Арзандык менен ал Жанай, / Кол сунса мойун сунабы, / Кандуу майдан курулуп, / Беттешер болду убагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чубатып калган колдорун, / Колбутуп айдап алыптыр, / Куруп калган Торгой кыз, / Жээн жайлоодо калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Туубай үч жыл куру калды, / Эки жыл кетти жоголуп, / Табылбай чаар бээ койгондо, / Күндө суроо салгамын, / Элдин тынчын алганмын, / Короого келип калыптыр, / Үчүнчү жылы бул малым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кабарын угуп Гүлүстөн, / Жалгызектин сураткан: / “Үч ай салып ойнойун, / Кайта өзүнө берейин, / Колун куру койбойун” / Деп анык айтып болжолун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Куру калган жериң жок, / Катардан калып Канчоро, / Хан болуп элге тең келдик! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →