куртка

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Кыска сырт кийим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Токсон балбан ат койуп, / Ат койгондо шарт койуп, / Тополоңдоп боз- түшүп, / Аркасында чаң калып, / Куртканын сазы дегенде, / Кирип барды кечинде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Нарындын Куртка сазында, / Он миң кошуун жанымда, / Утур келген кыргызды, / Унутулгус кылдым кар, / Оймоктуудан уз койбой, / Бой тартып калган кыз койбой. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түктүү куртка бет келген, / Кутулуп бирөө кетпеген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бүркүтүн берип кур калба, / Куртканын шаарын саа бердим, / Аны кошуп сурап кал, / Жана болсо орунчуң, / Жашырбай сырың айта сал, / Дагы берем тартынба, / Алар болсоң жана мал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Биз Пржеваль үйөзүнө караган Куртка мерген, Күңгөй, Ак-Суу, Түп, Күрмөнтү, Кең-Суу, Түргөн, Бирназар, Сөгөттү болуп баары сегиз болуш элинин кыргыздары 4595 түтүн эл кытай жерине келдик. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →