курсак
- Адамдын же башка жаныбарлардын карын, ичеги, боор ж.б. ички органдар жайгашкан дене бөлүгү, ичи.
- Карын.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тойгуза курсак ашын жеп, / Тогуздап темир тон кийип, / Тоодой капыр аттанды, / Кыйар барды өлдү, деп, / Көргөндөрү шаттанды, / Карап туруп кыр жактан, / Торгой байкуш какшанды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ — Мен тойуп келдин, Кененим, / Сен турасың ач курсак, / Эми кантер экенсиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Он беш күн болгон байлаган, / Куштан бетер таптаган, / Туш-тушту карап элөөрүп, / Аркардай көзү жайнаган, / Курсагын жыйып тартылтып, / Күндө секин бастырып, / Күлүгүн суутуп турган кез, / Кадаага бийик астырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айтып жатты буларды, / Көзүнүн жашы бурчактап: / — Тар курсакта жатпадык, / Талашып эмчек татканбыз, / Каныкей сүтүн актадың, / Кайаша мага айтпадың, / Өлүмгө сынап жумшадым, / Башыңды кайра тартпадың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Далайдан бери жолум болбой жүрдү эле, бүгүн бир курсагым тоет экен, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →