курс

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Кеменин, самолёттун ж.б. жүрүү багыты, жүрө турган жолу.
  2. Белгилүү бир саясий максатты, ишти көздөгөн аракеттин негизги багыты, бет алган тарабы.
  3. Жогорку окуу жайында өтүлүүчү кандайдыр бир илимдин же анын айрым бөлүгүнүн системалуу түрдө баяндалышы жана ошондой баяндоолорду камтыган окуу китеби.
  4. Жогорку жана атайын орто окуу жайларында окуунун белгилүү бир баскычы, жылы жана ошол баскычта окуп жаткан студенттер.
  5. Кандайдыр бир адистик боюнча кадр даярдап чыгаруучу окуу жайы.
  6. Дарылоо, дарылануу чарасынын толук айлампасы, бүткүл көлөмү.
  7. Валюталардын, баалуу кагаздардын, акчалардын наркы, баасы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Куйругунун учунда, / Чокмору бар казандай, / Шерлер чыкты чакчайып, / Саамайы жерге сүйрөлүп, / Айуу чыкты саксайып, / Илбирс келет имелип, / Куйругу жерге сүйрөлүп, / Камандар келет курсулдап, / Тумшуктары түйрөйүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Гүлчоро башын көтөрдү, / Курс дедире жөтөлдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →