курмушу

китептерде 35 жолу, 3 китепте
  1. Эски кийизден жасалган белбоо, кур.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ага киши чаптырып, / Арпанын түзү жайыкка, / Беш күндө тайар болсун деп, / Абдан мыктап айттырып, / Алматыда ак кубак, / Токсондон жашы арткан чак, / Баатыры бар Курмушу, / Буга киши жиберди, / Таласта бар Татыбек, / Башында бар касиет, / Колуң менен жүр деди, / Саны болсун миң деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ары кары какчайган, / Сакалы аппак саксайган, / Жамандык келбейт колунан, / Байкап көрсөк алардан, / Ысыккөлдөн Медербек, / Анда турат далай кеп; / Казактардын Курмушу, / Алматыны сактаган, / Атагы бар эр ушу; / Таластагы Татыбек, / Кашкардагы Турдана, / Анча кыйын күч кетпейт, / Чынын айтсам буларга, / Өзүбектин эр Мурат, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Ырымы ушул болот” – деп, / Эки сары күчүктүн, / Биринин ичин жарышты, / Эси ооган кечилге, / Садагага чабышты, / Курмушу менен учуктап, / Куу курмушу журттан таап, / Башына кебек түтөтүп, / Эс алдырып алышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бир жума жатты көлчөктө, / Балыктын майын сыздырып, / Жыландын өтүн жыйдырып, / Алып келип кылычты, / Үстүнө жаба койдуруп, / Ыштуу сары курмушу, / Алып келип оротту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каныкейди какшаттым, / Көрүнгөнгө сабаттым, / Кысыр торпок бактырдым, / Курмушунун үстүнө, / Жуурканы жок жаткырдым, / Катарга албай жүрчү элең, / Канчорону хан кылдым, / Дардаңдаган далайды, / Жашоорутуп зар кылдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →