курман
- дин. Диндик эреже боюнча: кудай жолуна садага кылып, кудайга сыйынып мал союу ырымы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Темир шааны Шоорук хан, / Эбин таап койуптур, / Шоорук ханды Таласта, / Курман кылып чунагың, / Мууздап аны койуптур, / Мөңкөтайың байлоодо, / Сен барасың, Медеркан, / Айлаң кетип айдоодо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Коңурбайын баш кылып, / Калмактардын баатырын, / Алмамбет, Чубак эрендин, / Музбурчак, Сыргак берендин, / Көзөл Көкчө жездемдин, / Жолуна курман чалайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бирөөлөр көзү жокто Бала Курманды «Жинди Курман» дешчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Берегинде, керегенин түбүнө жапшырыла, оң ийни пагону отко чагылышып жаркырап, буттарын чачып таштап, көмөрөсүнөн түшүп чочкодой корулдап, уктап жаткан — Бала Курман.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Берегинде Чоң Курман жасоол:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →