курма
- Таттуу жемиштүү дарак жана анын мөмөсү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…к этет, / Чайкалат тоонун теңизи, / Чайпалган көлдүн деңизи, / Беймаал тоок чакырат, / Акырда эшек акырат, / Бешикте балдар ыйласа, / Төшөктө чалдар туйласа, / Курма тамдар куласа, / Арстан эрдин Аккелте, / Атылыптыр бүгүн деп, / Уккан элдер кубанса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күн төбөдөн өткөндө, / Бешим болгон кездерде, / Ажыкең анда чыдайбы, / Сары жез чылым колго алды, / Анжийандын ак курма, / Тамекиден мол салды, / Кытайдын кызыл оттугу, / Кырып алган жер куусу, / Кой борумдай чок койду, / Коркурата бир сорду / Койо берди кекирип, / Түндүктөн түтүн буркурап, / Өрт алдыбы үйдү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өз элинин салтынча, / Курма шекер кант берди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айландырып чынарды, / Алда канча булгады, / Табы жеткен жерлерде, / Чалма тоолор кулады, / Курма тамдар урады, / Дарактын баары кыйрады, / Баш аламан сулады, / Чынардын күүсү учуруп, / Мени жарым күндүк алпарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Курма тамдар кулады, / Уктаган бала ыйлады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →